16:43, 30 сентября 2021, 24.kg

Тажикстанда ооган түрмөсүнөн алып келинген аял соттолууда

Тажикстанда бир нече ай мурда Ооганстандагы «Пули-Чархи» түрмөсүнөн алып келинген аял соттолууда. 31 жаштагы Олима Камолова Сириядагы согуштук аракеттерге катышкан деп айыпталып жатат.

Камалованын иши боюнча сот отурумдары Вахдат шаардык сотунда өтүп жатат. 29-сентябрда прокурор аны 15 жылга эркинен ажыратууну өтүндү.

Жакындарынын айтымында, Олима Камолова 2015-жылы күйөөсү менен чогуу Орусияга барып, ал жактан Сирияга кетишкен. Туугандары күйөөсү согушта өлгөндөн кийин ал үч баласы менен Ооганстанга кантип барганын, «Пули-Чархи» түрмөсүнө качан камалганын билишпейт.

«Карындашымдын эрезеге жете элек үч баласы бар. Ал согуштук аракеттерге катышкан эмес. Сирияга өз каалоосу менен барган эмес — аны күйөөсү алып кеткен», деди айыпталуучунун агасы Сулаймон Камолов.

Вахдат шаардык сотунун аты-жөнүн айткысы келбеген өкүлү «Камолова эртең акыркы сөзүн айта турганын, андан соң өкүм чыгарыларын» билдирди.

Былтыр январда Олима Камолова ооган түрмөсүнөн тажик бийлигине кайрылып, өзүн жана балдарын мекенине алып кетүүнү өтүнгөн. Ал балдары менен Тажикстанга алып келингенден кийин камакка алынган. Учурда анын балдары интернатта кармалууда.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18