17:00, 29 сентября 2021, 24.kg

Кубанычбек Бөкөнтаевди Улуттук банктын төрагалыгына Жогорку Кеңеш макулдук берди

Кубанычбек Бөкөнтаевди Улуттук банктын төрагалыгына дайындоо тууралуу президент Садыр Жапаровдун сунушуна парламенттин 76 депутаты «макул» деп добуш берди.

Жогорку Кеңеш бүгүн, 29-сентябрда Улуттун банктын мурдагы төрагасы Толкунбек Абдыгуловдун кызматтан кетүү тууралуу арызын кабыл алган. Андан кийин анын ордуна Улуттук банктын төрагалыгына Кубанычбек Бөкөнтаевди дайындоо тууралуу президенттин сунушун карады.

Улуттук банктын төрагалыгына талапкер Кубанычбек Бөкөнтаев 2006-жылдан 2010-жылга чейин Улуттук банктын төрагасынын орун басары болуп иштеген. 2010-жылы 28-апрелде кызматтан бошотулган. Башкы прокуратура Улуттук банктын жетекчилигин «АзияУниверсалБанктын» ячейкаларынан 3 млрд. сом жоголгону үчүн айыптаган.

Бөкөнтаев ошондой эле «Ысык-Көл инвест» банкын басып алууга жана орусиялык насыя акча — 220 млн. доллар уурдоого айыпталган.

Бөкөнтаев бул айыптоолор боюнча бүгүн, 29-сентябрда парламентте жооп берди. Ал 2010-жылы апрель окуясынан кийин Убактылуу өкмөт өзү коротуп салган акчаны мойнуна илип, кылмыш ишин козгогонун айтты.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18