18:01, 28 сентября 2021, 24.kg

Өзбекстандык жоокер Ооганстан менен чек арадагы атышууда өлдү

Өзбекстандык аскер кызматкери Ооганстан менен чек арадагы атышууда окко учту. Бул тууралуу президент Шавкат Мирзиёев Наманганда эл менен жолугушуу учурунда билдирди.

«Нигох» Telegram-каналындагы маалыматка караганда, жаңжал 26-сентябрда ооганстандык баңги төбөл Өзбекстандын чек арасынан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган учурда болгон.

«Кечээ мамлекеттик чек арадан өтүү аракети болду. Муну баңги төбөлдөрү жасоого аракет кылган. Бирок аймагыбыздын кол тийбестигин сактоо маселесинде биздин көз карашыбыз бекем. Керек учурда биз чек арабызды курал менен сактайбыз. Өз милдетин абийири менен аткарган биздин бир жоокерибиз баатырларча курман болду. Ал ушул жердин — Намангандын кулуну болгон», — деди президент.

Ишмердүүлүгүнө бир нече өлкөлөрдө тыюу салынган «Талибан» террордук кыймылы бир ай мурун Ооганстанда бийликке келгенден кийин өлкөнү маңзаттан арылтарын билдирген.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18