09:42, 28 сентября 2021, 24.kg

Түндүк Казакстан облусунда куш тумоосу жайылууда

Түндүк Казакстан облусунун Магжан Жумабаев районунда куш тумоосу жайылууда. Бир апта ичинде миңден ашык үй канаттуусу кырылган Лебяжье айылында карантин жарыяланды.

— «Куш тумоосу» диагнозу Ветеринария боюнча улуттук референт борборунда жүргүзүлгөн лабораториялык изилдөөнүн жыйынтыгында ырасталды. Эпизоотологиялык изилдөө — тумоо үй канаттууларына көлмөдөгү жапайы куштардан жукканы аныкталды, — деди облустук акимчиликтин Ветеринария башкармалыгынын башкы адиси Нариман Тасболатов.

Анын айтымында, вирустун бар-жоктугун текшерүү үчүн коңшу айылдардан да үлгүлөр алынып, лабораторияга жөнөтүлдү.

Түндүк Казакстан облусунун бийлиги куш тумоосунун алдын алуу үчүн быйыл 1,2 миллион доза вакцина сатып алган. Алардын 1,5 миңден ашыгы Лебяжье айылындагы канаттууларга сайылган.

2020-жылдын аягында жогорку патогендүү куш тумоосунан улам аймакта 1,5 миллиондон ашык куш кырылган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18