09:23, 27 сентября 2021, 24.kg

Москвада жаңы төрөлгөн ымыркайлар үчүн мигранттарга 20 миң рублдан берилет

Москванын мэриясы борбор калаада төрөлгөн ар бир бала үчүн мигранттарга 20 миң рублдан төлөп берет. Мындай төлөмдөр үчүн жылына 700 млн. рубль кетет. Бул тууралуу Readovka порталы жазды.

Басылманын журналисттери Москвадагы төрөтканаларда чет тилдерде 20 миң рубль төлөм тууралуу жазылган стенддерди жана буклеттерди байкашкан. Ушул эле билдирмелер «Москвадагы төрөттөр» сайтында да жайгаштырылган. Ал азери, англис, вьетнам, дари, казак, кыргыз, тажик, түркмөн жана уйгур тилдерине которулган.

2020-жылы февралда Москва мэринин расмий сайтында борбор калаада төрөлгөн ымыркайлардын ата-энелери төрөтканадан берилүүчү белек топтомунун ордуна 20 миң рублдан компенсация ала алышары жарыяланган.

Эки же андан көп бала төрөлгөн учурда төлөм ар бир ымыркай үчүн берилет. Акча алууну каалаган ата-энелер белек топтомунан баш тартышы керек.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18