17:51, 24 сентября 2021, 24.kg

Бишкекте «Өнөрлүү айымдар» долбоору 100 айымга тигүүчү машина тапшырды

Бишкекте жалгыз бой жашаган, жумушсуз аялдарга колдоо көрсөтүү максатында «Ассанабил» ККФду Кувейт мамлекетиндеги Шейх Абдулла Нури уюмунун демөөрчүлүгү астында «Өнөрлүү айымдар» долбоорун ишке ашырды. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, көп балалуу, жалгыз бой энелердин үй-бүлөсүнө туруктуу киреше алып келүү максатында тигүүчүлүккө жөндөмү бар айымдарга атайын бир айлык курс уйуштурулуп, ар бир бүтүрүүчүгө сертификат менен тигүүчү машиналар белекке берилди.

Тигүүчүү машиналарды тапшыруу аземине КР саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Улук-Бек Бектурганов катышты.

«Долбоорго 100 айым катышты. Алардын 70не түз тигүүчү машинлар, ал эми 30на 5 жиптүү машиналар берилди. Мындан сырткары, ар бирине 10 метрден кездеме жана керектүү болгон шаймандары дагы берилет. Программага катышкан ар бир айым өз алдынча тигүүчүлүк менен алектенип, келечекте үй-бүлөсүнө туруктуу киреше табуусуна шарт түзүлөт», — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, «Ассанабил» ККФну узак убакыттан бери ушул сыяктуу социалдык долбоорлорду ишке ашырып келүүдө. Жалпы республика боюнча 120 медициналык клиникалар, 55 орто мектеп имараттары курулуп, муниципалдык менчик кызматына өткөрүлүп берилген.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18