14:15, 24 сентября 2021, 24.kg

Тажикстан Лейлекте кармаган мектеп окуучуларды бошотту

Photo 229191

23-сентябрь түнү Лейлек районунун Жаштык айылынын 16 жаштагы эки окуучусу бошотулду. Бул тууралуу президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Балдар президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев баштаган Баткен, Лейлек райондорунун акимдери жана облустук күч түзүмдөрүнүн жетекчилери Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджаббой Ахмадзода баштаган күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгында бошотулду.

Белгилей кетсек, окуучулар кечээ түнү чек арага жакын жерде унаага жүк жүктөп жатып кармалышкан.

Жолугушууда эки тарап орун алган окуяларды жөнгө салуу жана чек аралаш аймактарда коомдук саясий абалды көзөмөлдөө, эки элдин ортосунда чыр-чатакка жол бербөө жана да соц баракчаларда чыгып жаткан чагымчыл маалыматтарды көзөмөлдөө боюнча макулдашты.

Эске салсак эки облустун башчыларынын эки тараптан күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен биргеликте жолугушуп, чек аралаш аймактарда чыр-чатактарды алдын алуу иш аракеттерин жүргүзүү боюнча жолугушууларды чек аралаш аймактарда ай сайын эки жолу өткөрүп туруу боюнча эки тараптуу макулдашылган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18