17:57, 23 сентября 2021, 24.kg

Бишкекте кафеде мушташта 17 жашар өспүрүм бычактан жаракат алды

Бишкектеги кафелердин бириндеги мушташта 17 жаштагы өспүрүмгө бычак сайылды. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 22-сентябрда саат 03:39дар чамасында «102» кызматына Байтик баатыр жана Горький көчөлөрүнүн кесилишиндеги эс алуучу жайлардын биринен массалык мушташ болуп жатканы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке милициянын кайгуул кызматкерлери жиберилген. Жеринде 17 жаштагы С.У. аттуу өспүрүмдү белгисиз жарандар бычак менен жарадар кылып кеткендиги аныкталган.

Ыкчам кармоо иш-чараларынын негизинде кылмышка шектүү катары 24 жаштагы Д.Б. аттуу жаран кармалган. Ал Биринчи май райондук милициянын тергөө кызматына жеткирилген.

Атлаган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 266-беренесинин («Ээнбаштык») негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18