16:24, 23 сентября 2021, 24.kg

Тажикстанда мунапыска илингендер түрмөдөн чыга баштады

Тажикстанда 16 миң кишиге жарыяланган мунапыстын алкагында биринчи топ түрмөдөн чыкты.

«Азаттыктын» тажик кызматы билдиргендей, шейшембиде Яван шаарындагы түрмөдөн 605 киши, Нуректеги аялдар колониясынан да ондогон киши бошотулду. Хатлон облусунун Бохтар шаарында да ондогон киши эркиндикке чыкты.

Буга чейин Тажикстандын парламенти президент Эмомали Рахмондун «Мунапыс жөнүндө» мыйзам долбоорун кабыл алган. Мунапыс өлкөнүн эгемендигинин 30 жылдыгына арналган.

Ырайым берүүдө аялдарга, жашы жете электерге, 55 жаштан ашкандарга, майыптарга, оорусу күчөп кеткендерге, мамлекеттик сыйлыктары барларга, согуштардын катышуучуларына жана чет өлкөлүк жарандарга артыкчылык берилген.

Укук коргоочулар мунапыска саясий туткундар илинбей калганын белгилешүүдө. Жакынкы эки ай аралыгында 10 миң киши түрмөдөн чыгары, дагы 6 миң адамдын жаза мөөнөтү кыскартылары күтүлүүдө.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18