09:12, 23 сентября 2021, 24.kg

Бензиндин баасы боюнча Кыргызстан ЕАЭБ аймагында үчүнчү тепкичке чыкты

Орусия сентябрда күйүүчү майды экспорттук төлөмү (пошлина) менен бере баштаганына байланыштуу бензиндин баасы сентябрда дагы көтөрүлөрүн буга чейин Кыргызстандын Нефтетрейдерлер биримдиги эскерткен.

Кыргызстан жылына 1,1 млн. тоннадай күйүүчү жана майлоочу май керектейт. Орусия 2016-жылы Кыргызстанга мунай жана мунай продуктуларын төлөмсүз жеткирүү боюнча чечим кабыл алган. Ага ылайык, Кыргызстандагы импорт, ички өндүрүш жана колдонууну эске алуу менен атайын индикативдик план түзүлгөн. Аталган пландын негизинде Орусия белгилүү бир көлөмдөгү мунай жана күйүүчү май жөнөтүп турат.

Нефтетрейдерлер биримдиги соңку беш жылдан бери керектөө өскөнү менен Кыргызстанга алынып келинген майдын көлөмү өзгөрбөгөнүн белгилөөдө. Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, акыркы жылы Кыргызстанда бензиндин баасы 1,6 эсеге өскөн.

Кыргызстанда бензин баасынын кымбатташы улантууда. Сентябрдын аягына карай Аи-92 жана Аи-95 маркаларынын баасы Орусияга салыштырмалуу 2-3 сомго кымбат сатылууда.

Күйүүчү майдын дээрлик баары Орусиядан келгенине карабай, Кыргызстанда бензин салыштырмалуу буга чейин арзан болчу.

Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги Евразия экономикалык биримдигиндеги (ЕАЭБ) өлкөлөрүндөгү күйүүчү майдын баасын салыштырды. Эң төмөнкү баа Казакстанда, эң кымбаты Арменияда

 

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18