09:09, 23 сентября 2021, 24.kg

COVID-19. Бир суткада 95 кишиден вирус аныкталып, каза болгондор жок

Кыргызстанда 23-сентябрга карата коронавирус дагы 95 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 44, Ош шаарында — 2, Чүй облусунда — 20, Талас облусунда — 4, Нарын облусунда — 4, Ысык-Көл облусунда — 12, Жалал-Абад облусунда — 4, Баткен облусунда — 3 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 96 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 50, Чүй облусунда — 21, Талас облусунда — 5, Нарын облусунда — 1, Ысык-Көл облусунда — 8, Жалал-Абад облусунда — 4, Баткен облусунда — 7 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде каза болгондор катталган жок.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 553 бейтап, амбулатордук түрдө 850 адам дарыланууда.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 3 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 6 миң 820 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 6 миң 616 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 178 миң 36 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 172 миң 565 киши айыгып чыкса, 2 миң 595 адам каза болду.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18