11:04, 22 сентября 2021, 24.kg

Марипов Россия өкмөтүнүн төрагасы Мишустинге телефондон көңүл айтты

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Телефондук сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Улукбек Марипов Пермь мамлекеттик улуттук изилдөө университетине адам өлүмү менен коштолгон куралдуу кол салууга байланыштуу көңүл айтты. Ал кырсыктын натыйжасында жабыркагандарга тез арада айыгып чыгуусун каалады.

Сүйлөшүү алкагында тараптар эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, ошондой эле алдыда өтүүчү өкмөт башчылар деңгээлиндеги жолугушууларды талкуулады.

Улукбек Марипов ошондой эле өз кесиптешин 2021-жылдын 17-19-сентябрында өткөн Россия Федерациясынын Федералдык жыйыны Мамлекеттик Думасына шайлоолордун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18