16:38, 21 сентября 2021, 24.kg

Бишкекте кыргыз-өзбек ишкер аялдарынын бизнес форуму өтөт

Бишкекте 21-сентябрда кыргыз-өзбек ишкер аялдарынын эл аралык бизнес форуму өтөт. Уюштуруучулар ага Өзбекстандан 25 делегация келгенин кабарлады.

Кыргызстандын Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, Кыргызстан менен Өзбекстандын соода жүгүртүүсү 2016-жылы 192 миллион долларды түзсө, 2020-жылы 341 миллион долларга жеткен.

4-5 жылда Кыргызстандын Өзбекстанга экспорту 125 миллион доллардан 152 миллион долларга чыкса, Өзбекстандын Кыргызстанга экспорту 67 миллион доллардан 200-300 миллион долларга өскөн.

Быйыл август айында өзбек-кыргыз өнүктүрүү фонду түзүлгөн. Фонддун уставдык капиталы 50 миллион доллар. Ал каражатты Өзбекстан салат жана кийинчерээк 200 миллион долларга чейин жеткирилет.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18