09:07, 21 сентября 2021, 24.kg

АКШ Тажикстанга Pfizer вакцинасынан 115 миң доза берди

Кошмо Штаттар Тажикстанга COVID-19га каршы Pfizer вакцинасынан 115 миң доза берди. Вакцинанын биринчи партиясы Душанбеге 20-сентябрда АКШнын Эл аралык өнүгүү агенттиги (USAID) аркылуу жеткирилди. Бул тууралуу АКШнын Тажикстандагы элчилиги билдирди.

АКШнын Тажикстандагы элчиси Жон Марк Поммершайм жалпысынан Кошмо Штаттар Тажикстанга 2 миллион 100 миң доза вакцина бергенин белгиледи. АКШ бийлиги COVAX программасынын алкагында өлкөгө 1,5 миллион доза Moderna вакцинасын жолдогон. Бул Тажикстан калкынын 13 пайызын эмдөөгө жетет.

Мындан тышкары Иммунизация борборуна 258 литрлик сегиз ультра-муздаткыч камералары жеткирилген.

Тажикстан COVAX программасынын алкагына Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунан 192 доза AstraZeneca вакцинасын алган. Июндун аягында Кытайдан CoronaVac вакцинасынан 300 миң доза жеткирилген. Августта Орусия Тажикстанга гуманитардык жардам иретинде «Спутник V» вакцинасынан 50 миң доза берген.

Тажикстан өткөн айда жашы 18ден жогору жарандар милдеттүү түрдө эмдөөдөн өтүшү керектигин жарыялаган. Ушул тапта вакцина алгандардын саны 2 миллиондон ашты.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18