14:36, 17 сентября 2021, 24.kg

Кытай Кыргызстанга 100 миллион доллар берүүгө даярдыгын билдирди

Кытай өкмөтү Кыргызстанга 100 миллион долларга жакын каражат бөлүп берүүгө даяр. Бул тууралуу 16-сентябрда президент Садыр Жапаров менен жолугушууда Кытайдын тышкы иштер министри Ван И билдирди.

Бул акча Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө колдоо көрсөтүү максатында берилери айтылды.

Мындан тышкары кытай тарап коронавируска каршы вакцинасынан дагы 1 миллион доза берери маалым болду.

Жапаровдун Кытайдын башкы дипломаты менен жолугушуусу Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында жүрүп жаткан аймактык саммиттер алкагында өттү.

Коронавирус боюнча эпидемиологиялык абал турукташса эки өлкө ортосундагы аба каттамдарын кайрадан ачуу керектиги белгиленди.

Ооганстандагы соңку абал талкууланып, эки өлкөнүн тийиштүү органдарынын бул багытта кызматташуусунун маанилүүлүгү белгиленди.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18