09:05, 17 сентября 2021, 24.kg

Путин CAS тыюу салганына карабай Бээжиндеги кышкы Олимп оюндарына барат

Орусия президенти Владимир Путин 2022-жылы Бээжинде өтө турган кышкы Олимпиадага катышуу боюнча Кытайдын чакыруусун кабыл алды.

Бул тууралуу Орусия ТИМинин башчысы Сергей Лавров билдирди. Лавровдун айтымында, Кытайдын башчысы Си Циньпин Путинди Олимп оюндарына телефондук сүйлөшүү учурунда чакырган.

2020-жылы Спорттук арбитраждык сот (CAS) орус жетекчилигине, анын ичинде президентке жакынкы эки жылда Олимпиадага жана дүйнө чемпионатына катышууга тыюу салган. Бул чечим Орусия спортундагы допинг чырына байланыштуу кабыл алынган.

Мындан тышкары арбитраж эки жыл бою орус спортчуларынын эл аралык мелдештерге катышуусуна да тыюу салган. Гимндин аткарылышына да бөгөт коюлган.

Орус спортундагы кызытма жаңжалы бир нече жылдан бери уланууда. Кремль допинг программасы мамлекеттик деңгээлде болгонун четке кагып келет.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18