14:13, 16 сентября 2021, 24.kg

Садыр Жапаров: ЖККУ ага мүчө өлкөлөр бири-бирине кол салганда чара көрүшү керек

ЖККУ уюмга мүчө болгон мамлекет экинчи мүчө өлкөгө куралдуу кол салганда ыкчам чара көрүү жана чечим кабыл алуу механизмдерин иштеп чыгуу керек. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Душанбе шаарында өтүп жаткан жыйында билдирди.

Анын айтымында, президент Садыр Жапаров кыргыз тарап уюмдун эффективдүүлүгүн жана натыйжалуулугун камсыз кылуу максатында өнөктөштөр менен өз ара кызыкчылык жараткан бардык маселелер боюнча стратегиялык сүйлөшүүлөрдү улантуу ниети бар экенине бурду.

Белгилей кетсек, Тажикстан 28-30-апрелде Кыргызстандын Баткен облусуна куралдуу кол салган. Бирок кыргыз бийлиги аны аскердик агрессия катары жарыялаган эмес.

Ал окуядан кийин Садыр Жапаров Душанбеге расмий иш сапар менен барган. Бул экинчи иш сапары.

Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары Тажикстандын кол салуусу боюнча маселе Жамааттык коопсуздук келишим уюмунда көтөрүлүшү керектигин белгилешкен.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18