09:38, 16 сентября 2021, 24.kg

Түркмөнстан Түрк кеңешине мүчө болуп кирет

Кийинки айда Түркмөнстан Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (Түрк кеңеши) толук укуктуу мүчөсү болот. Бул тууралуу Report.az азери басылмасы Түркиянын «Адилеттик жана өнүгүү» (АК) партиясынын төрага орун басары Бинали Йылдырымга шилтеме кылып кабарлады.

Түрк кеңешинин VIII саммити 12-ноябрда Стамбул шаарында өтөт.

Басылманын маалыматына караганда, саммитте Түрк кеңешине төрагалык кылуу укугу Түркияга өтүп, уюмдун аталышы өзгөртүлөт деп күтүлүүдө.

Бинали Йылдырымдын айтымында, Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңеши (Түрк кеңеши) «Түрк тилдүү мамлекеттердин» уюму деген аталышка ээ болот.

Быйыл мартта өткөн кеңешке мүчө өлкөлөрдүн бейформал видеожыйынында Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган кеңештин макамын өзгөртүүнү сунуштаган.

Июнь айында Түркмөнстандын Тышкы иштер министрлиги өлкө Түрк кеңешине өзгөчө макам менен кирүү мүмкүндүгүн караштырып жатканын билдирген.

Кеңештин башкы катчысы Багдат Амреев 28-29-июнь күндөрү Ашхабадда болуп, өлкө президенти Гурбангулы Бердымухамедов жана премьер-министрдин орун басары, тышкы иштер министри Рашид Мередов менен жолуккан.

Расмий түрдө Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңеши деп аталган Түрк кеңеши Азербайжандын Нахчыван шаарында 2009-жылы түзүлгөн. Уюмда Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Түркия бар. Венгрия уюмда байкоочу макамга ээ.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18