09:21, 16 сентября 2021, 24.kg

Тажикстанга курал-жарак берүү тууралуу долбоорун казак депутаттары кароодо

Казакстанда Тажикстанга акысыз курал-жарак берүү жөнүндө мыйзам долбоору парламент мажилисинин кароосуна киргизилди. Бул тууралуу мажилистин эл аралык иштер жана коргонуу боюнча комитетинин төрайымы Айгүл Куспан билдирди.

Мыйзам долбоору расмий түрдө «Тажик-ооган чек арасына жакын аймактардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн аскердик-техникалык жардам берүү тууралуу Казакстан жана Тажикстан өкмөттөрүнүн ортосундагы макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» деп аталат.

Мажилис төрайымынын айтымында, бул макулдашууга быйыл 12-июлда Нур-Султан шаарында кол коюлган.

— Казакстан Тажикстанга бекер аскердик-техникалык жардам көрсөтүп жатат. Комиссия мыйзам долбоору боюнча чечим чыгарууга даяр, — деди Куспан.

Июлдун башында Казакстандын Коргоо министрлиги Тажикстанга аскердик жардам катары үч миллион даана курал-жарак берүүгө багытталган атайын мыйзам долбоору даярдалып жатканын билдирген.

Бул маалымат социалдык түйүндөрдө кызуу талкуу жараткандыгына байланыштуу Казакстандын Коргоо министрлиги ушундай эле жардам Кыргызстанга да берилип жатканын, мунун кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы жаңжалдарга байланышы жок экенин белгилеген.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18