09:19, 14 сентября 2021, 24.kg

Европа өлкөлөрүнө жөнөтүү үчүн жасалма паспортторду даярдагандар кармалды

Кыргызстандын жарандарын АКШга жана Европа өлкөлөрүнө мыйзамсыз жөнөтүп турган канал аныкталды. Бул тууралуу 13-сентябрда Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, жеке агенттиктердин бири Бельгиянын, Франциянын, Нидерланддын, Испаниянын жана Грекиянын жасалма паспортторун даярдап, алардын жардамы менен жарандарды Европа өлкөлөрүнө жана АКШга мыйзамсыз ишке жөнөтүп келген.

Жасалма паспортторду алып жүргөн жарандар Украинада кармалып, Кыргызстанга алынып келинди. Бул факты боюнча буга чейин бир нече жолу соттолгон Ж.У. аттуу жаран кармалып, Бишкектеги №1 тергөө абагына киргизилди.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18