16:59, 13 сентября 2021, 24.kg

Садыр Жапаров Тажикстанга иш сапары менен барат

Президент Садыр Жапаров 16-сентябрь күнү Дуйшөмбү (Тажикстан) шаарында өтө турган ЖККУ Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясына катышат. Бул тууралуу Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

«Мамлекет башчылар эл аралык жана регионалдык коопсуздук боюнча актуалдуу маселелерди талкуулашат. Ошондой эле сессиялар аралык мөөнөттө жасалган иштер тууралуу сөз болот», — деп айтылат билдирүүдө.

ЖККУ сессиясына Тажикстан президенти Эмомали Рахмон, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Беларусь президенти Александр Лукашенко, Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев, Кыргызстан президенти Садыр Жапаров, Россия президенти Владимир Путин жана ЖККУнун башкы катчысы Станислав Зась катышат.

Ал эми 17-сентябрда Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын саммити өтөт. Иш-чарада ШКУга жаңы жетекчи тандоо маселеси каралат. Мындан тышкары, уюмдун 20 жылдыгына карата Дүйшөмбү декларациясы кабыл алынат.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18