16:06, 13 сентября 2021, 24.kg

Душанбеде Ооганстандагы абал боюнча ШКУ жана ЖККУ жыйындары өтөт

16-17-сентябрда Душанбеде Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) жана Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын жолугушуусу өтөт. Бул тууралуу Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Жолугушуу учурунда өлкө башчылары Ооганстандагы кырдаал боюнча пикир алышат. Иш-чара Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун төрагалыгы алдында өтөт.

Тажикстан ТИМи маалымдагандай, 16-сентябрда ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясы өтөт. Ага Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Беларус башчысы Александр Лукашенко, Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев, Кыргызстан президенти Садыр Жапаров, Орусия президенти Владимир Путин жана ЖККУнун Башкы катчысы Станислав Зась катышат.

Күн мурун Беларус Коопуздук кеңешинин башкы катчысы Александр Вольфович «СБ. Беларусь сегодня» гезитине ЖККУ өлкөлөрүнүн контингенти Тажикстанга жайгашуусу мүмкүн экенин айткан. Ал Ооганстандагы соңку кырдаал трансулуттук коркунучтардын көбөйүшүнө алып келиши ыктымалдыгын, мындан улам Тажикстандын аскер күчтөрүн бекемдөө зарылдыгын белгилеген.

17-сентябрда өтө турган ШКУ жыйыны уюмдун түзүлгөнүнүн 20 жылдыгына арналат. Иш-чарага Индиянын премьер-министри Нарендра Моди (онлайн), Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев, Кыргызстан президенти Садыр Жапаров, Кытай төрагасы Си Цзиньпин (онлайн), Пакистан премьер-министри Имран Хан, Орусия президенти Владимир Путин, Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев катышат. Тажикстанга биринчи жолу президент катары Ирандын президенти Ибрахим Раиси келет. Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедов жыйынга ардактуу конок катары катышат.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18