10:15, 13 сентября 2021, 24.kg

Бир мандаттуу шайлоо округдарына каттоо башталды

Бир мандаттуу шайлоо округдарына каттоо башталды. Бул тууралуу Боршайком маалымдады.

Алардын билдирүүсүндө, мыйзамга ылайык бир мандаттуу шайлоо округдары боюнч депутаттыкк талапкерлерди көрсөтүү шайлоо округдарынын тизмеси расмий жарыяланган күндөн тартып башталат жана добуш берүү күнүнө чейин 45 календардык күн калганда аяктайт. 

Саясий партиялар бир мандаттуу шайлоо округу боюнча бирден ашык эмес талапкерди көрсөтүүгө укуктуу. Талапкерди көрсөтүү жөнүндө чечим жашыруун добуш берүү менен кабыл алынат. 

Талапкер бир шайлоо округунда гана көрсөтүлүшү мүмкүн.

Жогорку Кеңешке шайлоо 28-ноябрда өтөт. 

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18