10:39, 10 сентября 2021, 24.kg

RSF тажик бийлигин камактагы журналистти мунапыс менен бошотууга чакырды

«Чек арасыз кабарчылар» (RSF) уюму Тажикстандын бийлигин 16 жылга соттолгон журналист жана өлкөдө тыюу салынган «Ислам кайра жаралуу» партиясынын активисти Хикматулло Сайфуллозоданы мунапыс менен эркиндикке чыгарууга чакырды.

Эл аралык уюмдун 9-сентябрда жарыяланган билдирүүсүндөСайфуллозода 2015-жылдан бери абакта отурганы жана анын өмүрүнө коркунуч жаралып жатканы белгиленген.

«Сайфуллозода саясий негиздер менен соттолгон. Түрмөдө ал катаал мамилеге кабылган, эми абакта дагы он жыл отурушу керек. Мунапыс менен бошотуу анын өмүрүн сактап калууга жардам берет. Сайфуллозода азыр коомчулукка жана бийликке эч кандай коркунуч жаратпайт», — деди уюмдун Чыгыш Европа жана Борбор Азия боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Жан Кавелье.

16-июнда түрмөнүн ооруканасында 70 жаштагы Хикматулло Сайфуллозоданын жүрөгүнө операция жасалган. Ага чейин активисттин жубайы каражаттын тартыштыгынан улам күйөөсүн керектүү дары-дармек менен камсыз кыла албай жатканын билдирген.

«Ислам кайра жаралуу партиясынын» мурдагы мүчөсү жана партияга караштуу «Нажот» гезитинин башкы редактору Хикматулло Сайфуллозода 2016-жылы июнда 16 жылга эркинен ажыратылган. 2015-жылы тажик бийлиги аталган партиянын жетекчилигин өлкөнүн коргоо министринин мурдагы орун басары Абдухалим Назарзоданын аскердик козголоң жасоо аракетине тиешеси бар деп айыптаган. Партиянын жетекчи курамындагы бардык мүчөлөрү камакка алынып, партия өзү террордук уюм деп табылган. Ислам партиясынын жетекчилиги бардык айыптоолорду четке кагып келет.

2015-жылга чейин «Ислам кайра жаралуу партиясы» постсоветтик өлкөлөрдүн ичинде расмий иштеп жаткан диний багыттагы жалгыз партия болгон.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон апта башында өлкө Эгемендигинин 30 жылдыгына карата камактагы 16 миң кишиге мунапыс жарыялаган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18