10:38, 10 сентября 2021, 24.kg

Элчилик Орусиядагы мигранттарды 30-сентябрга чейин каттоого турууга чакырды

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги кыргыз жарандарын 30-сентябрга чейин бардык документтерин тууралап алууга — миграциялык каттоого туруп, эмгек келишимин түзүүгө чакырды.

Дипломатиялык өкүлчүлүктүн маалыматына караганда, Орусия президентинин 16-июндагы жарлыгы менен мигранттарга документтерин ирээттеп алуу үчүн берилген мөөнөт 30-сентябрга чейин узартылган.

Апрелдин башында орус бийлиги Орусияда 115 миңден ашуун кыргызстандык жаран миграция эрежесин сактабай жүргөнүн эскерткен.

Расмий маалыматтарга караганда, ушу тапта Орусияда жашап-иштеп жүргөн кыргызстандыктардын саны 700 миңден (ред: расмий эмес маалыматтарда 1 миллиондон ашык) ашат. Административдик эреже бузуу жана миграциялык талаптарды сактабаганы үчүн 43 780 кыргыз жаранына Орусияга кирүүгө тыюу салынган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18