16:50, 09 сентября 2021, 24.kg

ИИМдин тыңшоосу: парламентте судьяны кызматтан алуу демилгеси көтөрүлдү

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев депутаттардын, саясатчылардын жана жарандык активисттердин телефон сүйлөшүүлөрүн тыңшоого уруксат берген судьяны кызматтан алуу демилгесин көтөрдү.

Эл өкүлү мындай сунушту парламенттин 8-сентябрдагы жыйынында берди.

«Чыңгызбек Бердимуратов деген сот мыйзамды одоно бузду. Жогорку Кеңештин атынан Тартип комиссиясына кат жөнөтүп, ал кызматтан алынышы керек. Депутаттардын иммунитети бар. Аларга Жогорку Кеңештин макулдугу менен гана иш козголуп тергөө жүрөт».

Былтыркы октябрь окуяларын тергөөнүн алкагында милиция кызматкерлери ондогон адамдын телефонун бир ай бою тыңшаганы сентябрда ачыкка чыккан. Телефон сүйлөшүүлөрү тыңшалгандардын арасында Жогорку Кеңештин депутаттары Дастан Бекешев, Канатбек Исаев, Каныбек Иманалиев да бар.

Андан тышкары бир катар саясатчылар, жарандык активисттер, укук коргоочулар жана быйыл 10-январда өткөн президенттик шайлоодо ат салышкан Абдил Сегизбаев, Адахан Мадумаров, Клара Сооронкулова, Курсан Асанов өңдүү саясатчылардын да телефону тыңшалган.

Алар бул мыйзамсыз жүргүзүлгөнүн айтып, ички иштер министри, башкы прокурор өңдүү кызмат адамдарынын жоопко тартылышын талап кылып жатышат.

Алардын телефонун тыңшоо тууралуу ИИМдин Тергөө кызматынын өтүнүчүнө Биринчи Май райондук сотунун судьясы Чыңгызбек Бердимуратов уруксат берген.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18