15:46, 09 сентября 2021, 24.kg

Садыр Жапаровдун уулу Рустам жетектеп жаткан партия белгилүү болду

Садыр Жапаровдун уулу Рустам «Эл үмүтү» партиясына талапкерлерди тартууда. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешов «Азаттыкка» билдирди.

Анын айтымында, президенттин баласы «Эл үмүтү» партиясына талапкерлерди топтоодо.

«Мен президенттин баласы Рустам депутат болот деген жокмун. Ал депутат болбойт. Бирок саясий платформа түзүп, бейформал лидер болгусу келип жатканын билдиргем. Ар кандай кишилер менен жолугуп, «Эл үмүтү социал-саясий партиясына» кирүүнү сунуштап жатат. Мен бул сөздү бир-эки эмес, 15 чакты кишиден уктум. Бир күн мурун билдирип чыктым эле, бүгүн парламенттен депутаттар дагы бышыктап атышат. Болгону алар ачык айтып чыккандан коркушууда. Мен президентке жамандык каалабайм. Болгону алдын ала айтып жатам. Рустам атасына саясаттан эмес, башка жагынан жардам берсе болмок», — дейт ал.

«Эл үмүтү» партиясынын лидери Аскар Алмаз уулу. Ал Бишкек шаардык кеңешке шайлоо «Биздин эл» партиясы менен аттанган. 

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18