12:07, 09 сентября 2021, 24.kg

Жарым жылда Кыргызстанга келген инвестициянын көлөмү эки эсеге өстү

2021-жылдын январь-июнунда 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу тике чет өлкөлүк инвестициялардын келип түшүү агымы 2,0 эсеге көбөйдү жана 321 млн. АКШ долларын түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирет.

Алардын маалыматында, инвестициянын 97 пайызы геологиялык чалгындоо ишканаларына, пайдалуу кендерди казуу, иштетүү өндүрүш, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу чөйрөсүнө, маалымат жана байланышка, ошондой эле дүң жана чекене соодага багытталган.

Муну менен бирге, багытталган инвестициялардын көлөмү геологиялык чалгындоого — 3,9 эсеге, иштетүү өндүрүштөрүнүн ишканаларына — 1,5 эсеге, пайдалуу кендерди казуу — 5,0 эсеге, маалымат жана байланышка — 27,8 пайызга, дүң жана чекене соодага — 30,0 пайызга көбөйдү, ошол эле убакта финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу чөйрөсүнө инвестициялар — 12,6 пайызга төмөндөдү.

КМШдан тышкаркы өлкөлөрдөн келип түшкөн тике чет өлкөлүк инвестициялардын көлөмдөрү 2020-жылдын январь-июнуна салыштырмалуу эки эсеге көбөйдү.

Келип түшкөн тике чет өлкөлүк инвестициялардын жалпы көлөмүндөгү эң чоң салыштырма салмак Кытайга (31,8 пайызы), Түркияга (19,3 пайызы), Нидерландга (11,4 пайызы), жана Улуу Британияга (10,1 пайызы) туура келет.

 

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18