18:32, 08 сентября 2021, 24.kg

«Бишкекжылуулукэнерго» кышка даярдыгын аяктап калды

«Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасынын жыйындар залында ишкананын директору Байымбет Байгараевдин төрагалыгы алдында бөлүмдөрдүн жана кызматтардын жетекчилеринин катышуусунда пландуу жыйын өттү. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирет.

Азыр ишкана отканаларынын күз-кыш мезгилдерине даярдоо боюнча иштерди жыйынтыктоодо. Жыйында бөлүм жетекчилери аткарылган жана аткарылып жаткан иштер боюнча отчет беришти.

Жолугушуунун жыйынтыгында, директор жетекчилерге ишти пландаштырууга жоопкерчилик менен мамиле кылууну жана иште кайчылаштыкты жаратпоо үчүн сатып алуу боюнча сунуштарды өз убагында аткарууну тапшырды.

Ошондой эле, пландалган иштерди ийгиликтүү аяктоо үчүн техникалык коопсуздукту милдеттүү түрдө сактоо менен жер-жерлерде иштеп жаткан кызматкерлердин иш графигин кайра карап чыгуу тапшырмасы берилди.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18