18:27, 08 сентября 2021, 24.kg

Ооганстанда талибдер жаңы өкмөт түздү

Ооганстанда бийликти басып алган «Талибан» кыймылы жаңы өкмөттүн курамын жарыялады. Мамлекеттин башына 60 жаштагы, радикалдуу кыймылдын жетекчиси Хайбатулла Ахунзада отурду.

Өкмөт башчынын милдетин аткаруучу молдо Мохаммад Хасан Ахунд буга чейин кыймылдын Башкаруу кеңешин жетектеген. Бул тууралуу «Талибандын» маалымат катчысы Забиулла Мужахид билдирди.

Чалгын министри болуп Гуантанамодогу америкалык түрмөдө 12 жыл отурган Абдул Хак Васик дайындалды. Ички иштер министри — «Хаккани түйүнү» тобунун негиздөөчүсүнүн уулу Сиражуддин Хаккани, коргоо министри — «Талибандын» түптөөчүсүнүн уулу Мухаммал Якуб Мужазид, мурдагы тышкы иштер министри Мохаммад Ханиф Атмар экономика министри болуп дайындалган.

Дээрлик бардык таасирдүү министрликтер талибдердин өкүлдөрүнө тийди. Буга чейин «Талибан» өлкөдөгү ар кыл топтордун өкүлдөрү кирген мунаса өкмөт курулат деп убада кылган.

Тажик президенти Эмомали Рахмон Ооганстанда бардык этностордун кызыкчылыгын камтыган өкмөт куралбаса, Тажикстан «Талибанды» тааныбай турганын билдирген. Панжшер провинциясында тажик жана өзбек тектүү кошуундардын башын кошкон «Талибанга» каршылык көрсөтүү кыймылы түзүлгөн.

15-августта «Талибан» кыймылы Кабулдагы өкмөттү кулатып, өлкөдөгү 20 жылга созулган жарандык согуш аяктаганын жарыялаган эле. Президент Ашраф Гани ошол күнү Ооганстандан чыгып кеткени айтылды.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18