10:45, 08 сентября 2021, 24.kg

Жеңиш Молдокматовго карата дагы төрт кылмыш иши ачылды

Камактагы оппозициялык саясатчы, «Туран» партиясынын лидери Жеңиш Молдокматовго дагы төрт кылмыш ишине, алты берене менен шектүү экени тууралуу билдирме берилди. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Молдокматовго буга чейин 5-6-октябрь күндөрү «башаламандык уюштурган» деген айып менен кылмыш иши козголуп, камакка алынган. Кийин ага 9-октябрдагы тополоң боюнча дагы бир кылмыш иши кошулган.

Бул иштер боюнча тергөө бүтүп, анын жыйынтыгында «Курал-жаракты тартып алуу же уурдоо», «Бийликти күч менен басып алууга аракет жасоо», «Бийлик адамына күч колдонуу же коркутуу» жана «Башаламандык уюштуруу» беренелери менен кылмыш ишине шектүү экендиги тууралуу билдирме берилген.

Жеңиш Молдокматов жаңы ачылган кылмыш иштери тууралуу билдирмеге кол коюдан, көрсөтмө берүүдөн баш тарткан.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18