18:01, 07 сентября 2021, 24.kg

Парламенттик шайлоодо чет өлкөлөрдөгү шайлоо участкаларынын саны көбөйөт

Парламенттик шайлоодо чет өлкөлөрдөгү шайлоо участкаларынын саны көбөйөт. Бул тууралуу БШКнын жыйынында айтылды.  

Буга чейин болуп өткөн КР президентин кезексиз шайлоо жана 2021-жылдын 10-январындагы референдум учурунда дүйнөнүн 28 өлкөсүндө 48 шайлоо участогу түзүлгөн.

КР жарандарынын шайлоо укуктарын ишке ашырууну камсыз кылуу үчүн шарттарды кеңейтүү максатында Жогорку Кеӊештин депутаттарын шайлоого карата алдыдагы парламенттик шайлоодо өлкөдөн тышкары жашагандар үчүн чет өлкөлөрдөгү шайлоо участкаларынын санын 57 участокко чейин көбөйтүү сунушталууда.

9 жаңы шайлоо участкаларын түзүү каралып жатат: Россия – Казань, Краснодар, Самара, Томск жана Хабаровск шаарларында; АКШ - Нью -Йорк жана Чикаго шаарларында; Түркия - Анталия шаарында; Италия – Кальяри шаарында.

 

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18