15:58, 07 сентября 2021, 24.kg

Эмомали Рахмон аскерлерин даяр турууга чакырды

7-сентябрда Душанбеде Тажикстандын 30 жылдыгына арналган аскердик парад өттү.

Ага 30 миңдей аскер жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери катышты.

Президент Эмомали Рахмон параддын катышуучуларын Эгемендик күнү менен куттуктап, «террордук, экстремисттик жана радикалдык кыймылдар менен уюмдардын көбөйүшүнөн улам аймакта жана дүйнөдөгү абал планета жашоочуларын тынчсыздандырып жатканын» белгиледи.

«Буга байланыштуу элдин тынчтыгын камсыз кылуу үчүн куралдуу күчтөр толук даярдыкта турушу шарт», — дейт ал.

Тажикстан Эгмендүүлүктүн 30 жылдыгын 9-сентябрда белгилейт.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18