16:24, 07 сентября 2021, 24.kg

Мектепте 10 жыл иштеген мугалимдерге 1 миллион төлөп берүү сунушталды

Депутаттар Абдывахап Нурбаев менен Жанарбек Акаев «Мугалимдин макамы тууралуу» мыйзамга өзгөртүүлөрдү сунушташты. Документ Жогорку Кеңештин сайтына коомдук талкууга чыгарылды.

Мыйзам долбооруна ылайык, республикалык же эл аралык олимпиадаларда жеңишке жеткен окуучуну даярдаган мугалимдерге үч айлык маянасы өлчөмүндө сыйакы берилет.

Мындан тышкары жалпы билим берүү мектептеринде 10 жылдан кем эмес иштеген мугалимге 1 миллион сом (10 миң эсептик көрсөткүч же 12 миң доллар) өлчөмүндө бир жолку сыйакы төлөп берүү сунушталууда.

Документте сыйакыларды берүүнүн тартиби министрлер кабинетинин чечими менен аныктала турган белгиленген.

Демилгечилер сунушталып жаткан мыйзам долбоорунун кабыл алынышы мектептердин ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга, мугалимдерге турак-жай маселесин чечип алууга жардам берет деп эсептешүүдө.

Буга чейин Кыргызстандагы мектептерде жалпысынан 2 миң мугалим жетишпей турганы кабарланган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18