12:31, 07 сентября 2021, 24.kg

Исхак Раззаковдун 111 жылдыгына карата виртуалдуу көргөзмө ачылды

Мамлекеттик архив агенттиги көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун 111 жылдыгына карата виртуалдуу көргөзмө уюштурду. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги маалымдады.

Онлайн-экспозиция коомчулукту XX кылымдын белгилүү мамлекеттик ишмеринин жашоосу менен тааныштыруу максатында даярдалган.

«Тарыхый-даректүү көргөзмө Борбордук мамлекеттик архивдин коомдук-саясий документация фондундагы документтердин негизинде түзүлдү. Онлайн-көргөзмө «Кыргызстандын мамлекеттик ишмерлери» көргөзмө сериясынын алкагында уюштурулууда», — деп айтылат маалыматта.

Razzakov.archive.kg сайтында Исхак Раззаковдун жашоосунун негизги этаптары жана коомдук-саясий ишмердүүлүгү жөнүндө маалыматтар камтылган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18