17:14, 06 сентября 2021, 24.kg

Бишкекте жол чийиндерин жасоодо жаңы технологиялар пайдаланууда

Жол чийиндерин түшүрүүнүн жаӊы технологиялары «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы тарабынан сыноодон өтүүдө. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Жакында эле «Курулуш техникасы жана материалдары» компаниясынын өкүлдөрү менен биргеликте «Шмелек» жол чийиндерин чийүүчү машинасын колдонуп көрдүк. Орозбеков жана Васильев көчөлөрүнүн кесилишинде жөө адамдар өтүүчү өтмөктүн чийинин чийдик.

Ишкананын жол мастерлери машинаны башкарууга аракет кылып, анын көрсөтмөсү менен таанышышты.

Бул техниканын башкы артыкчылыгы болуп тайма чийиндер саналат. Бардык факторлор эске алынып, азыр ишкана тарабынан салыштырма анализ жүргүзүлүүдө.

Учурда, ишкана муздак пластикти кол менен, ал эми жол красканы жана ысык пластикти машина менен чийүүдө.

«Шмелек ХП» машинасы Беларусь Республикасында өндүрүлөт жана муздак пластик менен гана иштейт. Анын баасы 600 миӊ сомду түзөт.

Photo 226284

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18