15:52, 03 сентября 2021, 24.kg

Тажикстан ооган качкындарын кабыл ала албай турганын расмий билдирди

Тажикстандын бийлиги Ооганстандан массалык түрдө качкындарды кабыл ала албайт. Бул тууралуу өлкөнүн тышкы иштер министри Рамазон Рахимзода билдирди.

Рахимзода мунун себеби катары ооган качкындарын кабыл алууга өкмөттүн мүмкүнчүлүгү жок экенин билдирип, эл аралык уюмдарды, анын ичинде Улуттар Уюмун Тажикстанга жардам берүүгө чакырды.

Рахимзоданын айтымында, учурда тажик-ооган чек арасынын ортосундагы нейтралдуу тилкеде 80дей оогандык үй-бүлө бар. Алар Тажикстанга кирүүнү көздөшөт. Министр ошондой эле Ооганстандагы туруксуздук жана гуманитардык кризис «кошуна мамлекеттерге террорчулардын да агылышын» күчөтүшү ыктымалдыгын билдирди.

Акыркы 15 жылдын ичинде Тажикстан Ооганстандан үч миңден көп үй-бүлөнү кабыл алган. Жыйырма жыл мурда бийлик өлкө түштүгүндө качкындар үчүн лагерге 70 гектар жер бөлгөн. Рахимзода бул убакыт ичинде бир да эл аралык уюм качкындарга инфрастуктура түзүүгө жардам көрсөтпөгөнүн кошумчалады.

Быйыл июлдун ортосунда Тажикстандын аймагына Ооганстандан 350 этникалык кыргыз кире качкан. Расмий Бишкек аларды Кыргызстанга өткөрүп коюуну өтүнгөнүнө карабай, Душанбе аларды артка кайтарган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18