11:06, 03 сентября 2021, 24.kg

Садыр Жапаров Абу-Дабиге расмий сапар менен барат

Садыр Жапаров  расмий сапар менен Абу-Дабиге барат. Бул тууралуу өлкө башчысы Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) энергетика жана инфраструктура министри Сухейл Мохаммед Аль Мазруи менен жолугушууда билдирди.

Кыргызстанга энергетика, айыл чарба, туризм жана инфраструктура чөйрөсүндөгү ири араб компаниялардын өкүлдөрүнөн турган делегация келди. Алардын арасында «DPWorld», «MASDAR», «ADQ», «Абу-Даби өнүктүрүү фонду», «Royal Group», «Earth Retai», «Fresh Harvest» сыяктуу ири компаниялардын жетекчилери бар.

Мамлекет башчысынын белгилешинче, Кыргызстан Бириккен Араб Эмираттары менен эки тараптуу кызматташуунун бардык багыттары боюнча мамилелерди өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө, ошондой эле ата мекендик экономиканын бардык секторлорунда инвестициялык долбоорлорду биргелешип иштеп чыгууга, ишке ашырууга кызыкдар жана даяр.

Жолугушуунун жүрүшүндө Садыр Жапаров кыргыз тарап Абу-Дабинин мураскер ханзаадасы Мухаммед бин Заид Аль Нахаяндын Кыргызстанга келишин чыдамсыздык менен күтүп жатканын кошумчалады. Мындан сырткары, президент жакын арада Абу-Дабиге расмий сапар менен барууну пландап жатат.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18