09:19, 03 сентября 2021, 24.kg

Футбол: Кыргызстан Палестинаны 1:0 эсебинде жеңди

2-сентябрда Бишкекте башталган «Үч улуттун кубогу» мелдешинде Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Палестина курамасын 1:0 эсебинде жеңип алды.

Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо болгон оюндагы жалгыз голду 25-мүнөттө Азим Азаров киргизди.

Эл аралык футбол мелдеши 7-сентябрда аяктайт. Турнирге Бангладештин, Кыргызстандын жана Палестинанын футбол боюнча улуттук командалары катышууда. 5-сентябрда Палестина менен Бангладеш, 7-сентябрда Кыргызстан менен Бангладеш командалары ойнойт.

Оюндар саат 20:30да башталат. Беттештерди Кыргыз Спорт ТВ Ютуб каналы, Elevensports.com жана КТРК Спорт каналдары түз эфирде көрсөтөт.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18