10:31, 02 сентября 2021, 24.kg

Айсулуу Тыныбекова интернетте видеосу тараган кичинекей күрөшчү кызды издейт

Токио олимпиадасынын күмүш медалынын ээси Айсулуу Тыныбекова интернетте видеосу тараган кичинекей күрөшчү кызды издейт. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.
 
Айсулуу Тыныбекова кыздын жөндөмүнө баа берип, багыт берүүгө даяр экенин билдирген.
 
«Кечээ бул видеону интернеттен көрүп абдан сүйүндүм! Качан жана каерден тартылганы белгисиз, бирок бир нече жолу кандай сонун ыкманы жасаган! Сиңдибиз машыгып жүргөнү сиздерге да байкалдыбы?
Күрөштө бул ыкма үчүн эки упай берилет. Мен бул спортко жаңыдан киришип баштаганда, дал ушул ыкманы көп колдончумун. Бул кызды көрүп өзүмдү эстеп кеттим. Себеби ушул ыкма менен мен бир эл аралык мелдештен медаль утуп алгам! Сени менен жолугуп маектешүүгө даярмын, сиңдим! Эгер чоң спортко кадам таштайм десең багыт берүүгө даярмын. Кимде даректери болсо кабар берип коюңуздарчы», — дейт балбан.
Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18