17:41, 01 сентября 2021, 24.kg

Анкарада Манастын айкели орнотулду

Түркиянын Анкара шаарында Манастын эстелиги орнотулду. Бул тууралуу Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинен билдиришти.

Билдирүүдө айтылгандай, Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата 31-августта Кечиөрен муниципалитетинин башкы аянтында Манастын эстелигинин салтанаттуу ачылышы өттү.

Анын жүрүшүндө президент Садыр Жапаров жана Түркия Улуу улуттук жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп видеокайрылуу жасап, болуп жаткан салтанаттуу аземге байланыштуу куттуктоолорун билдиришти.

Эстеликтин ачылышына Түркиянын президентинин администрациясынын өкүлдөрү, депутаттар, Түркияда аккредитацияланган элчилер, Түркиянын Тышкы иштер министрлигинин, ошондой эле бир катар министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрү, эл аралык уюмдардын жана коомдук бирикмелердин өкүлдөрү, бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү, кыргыз жана түрк студенттери катышышты.

Элчи Кубанычбек Өмүралиев Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата айкөл Манастын эстелигинин ачылышы символдуу экенин белгилеп, эстелик эки элдин түбөлүктүү достугунун символу болуп калаарына ишенимин билдирди. Ал ошондой эле 1995-жыл кыргыздын улуттук «Манас» эпосунун миң жылдыгын майрамдоо жылы деп жарыяланганына жана 2013-жылы улуу эпостун ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине киргизилгендигине көңүл бурду.

Ошондой эле иш-чаранын жүрүшүндө кыргыз комуз күүлөрү чертилип, Кыргызстан тууралуу видео клип жана «Манас» эпосунан фотокомпозициялар көрсөтүлдү.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18