10:55, 01 сентября 2021, 24.kg

Панжшер капчыгайында салгылашуу кайрадан жанданды

Ооганстандын түндүк-батышындагы Панжшер капчыгайында Ахмат Масуд баштаган топ менен талибдердин салгылашуусу кайрадан жанданды.

Айрым маалыматтарга караганда, бери дегенде жети киши өлдү.

Панжшер — «Талибандын» бийлиги орной элек жалгыз аймак. Ал жакка талибдерге каршылардын баары чогулуп жатат. Жекшембиде Ахмад Масуд жаңы өкмөт менен сүйлөшүүлөргө даяр экенин билдирген. «Талибан» дүйшөмбүдө социалдык тармактардагы билдирүүсүндө Панжшер капчыгайына куралдуу аскерлерди жөнөтө турганын кабарлаган.

30-августта Америка Кошмо Штаттары Ооганстандагы аскердик миссиясын жыйынтыктап, аскер аба күчтөрүнүн эң акыркы учагы Кабулдан чыгып кетти. АКШ Кабулдан жалпысынан 123 миңден ашуун чет элдикти жана өмүрүнө коркунуч туулган оогандыктар эвакуацияланганын жарыялады.

Аскердик жана жарандык эвакуациялоо жүргөн Кабул эл аралык аэропорту эми «Талибандын» колуна өттү.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18