10:23, 01 сентября 2021, 24.kg

Жогорку Кеңешке шайлоого катышууну каалаган бир нече партия аныкталды

Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) 28-ноябрга дайындалган парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирип, бир нече саясий партия кайрылды. БШКнын 31-августта маалымдаганы боюнча, «Кыргызстан биримдигинин патриоттук партиясы» кайрылып, шайлоонун уюштуруу иштерине ишенимдүү адамын сунуштаган.

Буга чейин шайлоого катышуу ниетин билдирип, Социал-демократтар, «Улуттар биримдиги», «Ишеним», «Альянс», Кыргызстан Жашылдар партиясы жана «Жаратман эл» партиялары кайрылган.

Боршайком бекиткен календарлык планга ылайык, 28-ноябрга дайындалган Жогорку Кеңештин 7-чакырылыштагы депутаттарын шайлоого катышууну көздөгөн партиялар 3-сентябрь, саат 18:30га чейин расмий билдирүү калтырышы керек.

Шайлоого талапкерлерди каттоо 28-октябрга чейин жүрөт.

Жаңы конституциялык мыйзамдарга ылайык, парламент 90 депутаттан турат, беш жылдык мөөнөткө шайланат. 90 депутаттын 54ү партиялык тизмеден, 36сы бир мандаттуу аймактардан шайланып келе алат.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18