12:44, 31 августа 2021, 24.kg

Бир катар жарандар кесиптик жетишкендиктери үчүн мамлекеттик сыйлык алды

Садыр Жапаров социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкондугу, кесиптик ишиндеги зор жетишкендиктери үчүн, көп жылдык жемиштүү эмгеги үчүн, Конституцияны иштеп чыгууга активдүү катышкандыгы жана көз карандысыздыктын 30 жылдыгына байланыштуу «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Мындан сырткары, социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, көп жылдык ак ниет эмгеги жана активдүү кайрымдуулук иши үчүн «Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясы» коомдук бирикмесинин президенти Баюми Саид Мохамед Елсаид «Достук» ордени менен сыйланды.

Ошондой эле, Кыргызтан менен Түркиянын ортосундагы кызматташтыкты жана достукту чыңдоого кошкон маанилүү салымы үчүн Анкара шаарынын Кечиөрен муниципалитетинин башчысы Тургут Алтынок Ардак грамота менен сыйланды.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18