10:24, 31 августа 2021, 24.kg

Түркмөнстандын президенти ооган качкындарын кабыл алуудан баш тартты

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов ооганстандык качкындар өлкөгө киргизилбей турганын расмий түрдө ырастады. Бул тууралуу ал 29-августта Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишель менен телефон аркылуу сүйлөшкөндө айтты, деп жазат «Азаттык».


Түркмөнстандын мамлекеттик маалымат агенттиги жазгандай, өз сөзүндө Бердымухамедов азыркыдай жеңил эмес эпидемиологиялык шартта качкындарды кабыл алуу боюнча туура чечимдер болушу керектигин белгиледи.

«Азыр адам өмүрү үчүн кооптуу болуп жаткан коронавирус инфекциясынын масштабдуу жайылуу тобокелдигин эске алуу зарыл», — деди президент.

Ошол эле маалда түркмөн бийлиги акыркы кезде өлкөдө коронавирустун дельта-штаммы менен ооругандар жана андан каза болгондор кескин көбөйгөнү боюнча эч кандай маалымат бербей, пандемия башталгандан бери өлкөдө COVID-19 жуктурган бир да учур катталбаганын билдирип келет.

Телефондук сүйлөшүүдө Бердымухамедов Түркмөнстандын Ооганстан боюнча позициясынын үч бөлүгүн баса белгиледи:

  • Түркмөнстан Ооганстандагы абалды саясий-дипломатиялык ыкмалар жана тынчтык жолу менен гана жөнгө салууну колдойт;
  • Экономикалык жактан Түркмөнстан ири инфраструктуралык долбоорлорду, анын ичинде ТАПИ газ түтүгүн куруу, Ооганстан аркылуу Пакистанга электр линияларын тартуу, ошондой эле Ооганстан менен Түркмөнстанды бириктире турган темир жолду курууга байланышкан иштерди улантуу зарылдыгын белгилейт;
  • Түркмөнстан азыркы тынчтык орнотуу процесстерине көмөктөшүү үчүн Ооганстанга туруктуу түрдө гуманитардык жардам берүүнү улантат.

Бердымухамедов түркмөн-ооган чек ара тилкелериндеги көзөмөл-өткөрмө бекеттер кадимки режимде иштеп жатканын, Ооганстандын Мазари-Шариф менен Гераттагы консулдуктары ишин токтотпогонун кошумчалады.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18