12:46, 27 августа 2021, 24.kg

Садыр Жапаров Казакстандын президентине көңүл айтты

Садыр Жапаров Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевге Жамбыл облусунун Байзак районунда жайгашкан аскер бөлүгүндө болгон жарылуудан каза болгондорго байланыштуу Кыргызстан элинин жана жеке өзүнүн атынан терең кайгыруу менен көңүл айтты.

«Бул суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрү менен жакындарына көңүл айтам. Бул каргашалуу окуянын кесепетинен жапа чеккендердин баарына тезирээк сакайып кетүүнү каалаймын. Орду толгус жоготуунун аза кайгысын тең бөлүшөбүз», — деп айтылат мамлекет башчысынын көңүл айтуу телеграммасында.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18