11:09, 27 августа 2021, 24.kg

Кабулдун аба майданындагы жардыруудан жүздөгөн киши мерт болду

Кабулдун аба майданынын жанындагы эки жардыруудан кеминде 100 киши, арасында жаш балдар, АКШнын 13 аскери да мерт кетип, дагы 140тан ашуун киши жарадар болгонун Ооганстандын саламаттык министрлиги билдирди.

Удаа жардыруу Батыштык бир катар мамлекеттер Ооганстандан өз жарандарын жана жергиликтүү өнөктөштөрүн алып кетип жаткан маалда болду. Кол салуу үчүн жоопкерчиликти «Ислам мамлекети» радикал тобунун жоочулары өзүлөрүнө алганы кабарланды.

Кошмо Штаттар, Германия жана Британиянын бийликтери миңдеген киши Ооганстандан кетүүгө ашыгып чогулган Кабул аба майданына чабуул даярдалып жатканын бейшембиде эртең менен эскертишкен.

Биринчи жардырууну эл чогулган жерге жакын турган жанкечти ишке ашырганы, андан кийин элге туш келди ок атылганы, чабуулдарга карабастан Батыш өлкөлөрү «Талибан» кыймылы бийликке келген Ооганстандан өз кишилерин эвакуациялоону улантып жатканы кабарланды.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18