12:57, 26 августа 2021, 24.kg

Алмаз Мамбетов Ош шаарынын мэри болуп шайланды

Ош шаардык кеңешинде бүгүн 26-августта мэр шайлоо өттү. Жабык добуш берүүнүн жыйынтыгында жалгыз талапкер Алмаз Мамбетов мэр болуп шайланды. Ага 45 депутаттын 43ү макулдугун берип, экөө каршы добуш беришти.

45 жаштагы Мамбетов мэрдин милдетин аткаруучу болуп 2-августта Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун буйругу менен дайындалган. Ага чейин ал президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгынын жетекчиси болчу. Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы, Балыкчы шаарынын мэри болуп да иштеген.

Мамбетовдун талапкерлигин мэрликке шаардык кеңештин «Аманат» көпчүлүк коалициясы көрсөткөн.

Бүгүн депутаттардын алдында сүйлөп жатып ал вице-мэрлердин бири аял болушу керектигин айтты.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18