10:01, 26 августа 2021, 24.kg

Акжол Махмудовдун трикосу $26 миңге сатылды

Кыргызстандын грек-рим күрөшүнүн балбаны, Олимпиада оюндарында күмүш медаль уткан Акжол Махмудовдун аукционго койгон трикосу сатылды. Бул тууралуу спортчу өзүнүн Instagram баракчасына жазды

Аукцион бүгүн, 25-августта, Ысык-Көлдө өткөн Gamma бизнес-форумунун алкагында ишке ашты. Спорттук костюмдун баштапкы баасы 50 доллар деп белгиленген. Трико 6,5 миң долларга сатылды. Анткен менен форумдун катышуучулары Махмудовго кайрымдуулукка жумшоосу үчүн дагы каражат топтоорун айтышты.

«Менин Олимпиада оюндарында кийген трикомду аукциондун катышуучусу 6500 долларга сатып алды. Башка катышуучулар дагы 19 миң доллар чогултушту. Ошентип жалпы баасы 26 миң доллар болду. Колдооңуздар үчүн рахмат», — деди спортчу.

Маалыматка караганда, каражаттын 60 пайызы кичинекей Аруузаттын дарылануусуна коротулат. Калганын дагы Махмудов кайрымдуулукка жумшамакчы.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18