17:22, 25 августа 2021, 24.kg

Кен байлыктарды пайдалануу укугун берүү тартиби бекитилди

Президенттин «Кыргыз Республикасынын кен казуу тармагын реформалоо маселелери жөнүндө» Жарлыгынын жана жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө мамлекеттик башкаруу тутумун оптималдаштыруунун алкагында министрлер кабинетинин чечими боюнча жер казынасын пайдалануу укугун берүү тартиби бекитилди. Тийиштүү токтомго Улукбек Марипов кол койду.

Документ конкурстук жана аукцион аянтчаларында 100 пайызы мамлекеттик үлүшү бар чарбалык субъектилер жана мамлекеттик ишканалар үчүн жер казынасын геологиялык чалгындоого жана иштетүүгө лицензия алуу жол-жобосун жөнөкөйлөтүүгө багытталган.

Жер казынасын пайдалануу укугун берүү Тартиби жер казынасын пайдалануу укугун алууда, 100 пайыз акциясы мамлекетке таандык болгон жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү юридикалык жактарга артыкчылыктуу укуктарды берүү нормаларын карайт, ага ылайык жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө 100 пайыз мамлекеттик үлүшү бар чарбалык субъектилерге жана мамлекеттик ишканаларга төмөнкүлөр берилиши мүмкүн:

  • мамлекеттик маанидеги жер казынасынын участоктору;
  • жер казынасынын аукциондук участоктору.
Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18